ЖКда Конституциянын автору делген депутаттардын атын ачыктоо талап кылынды

3 марта 2021 ЖКда Конституциянын автору делген депутаттардын атын ачыктоо талап кылынды

Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаңы Конституциянын долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн жарыялоону талап кылды.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Баш мыйзамдын долбоору каралып, референдум дайындоо маселеси күн тартибине киргизилди.

"Ушул долбоордун авторлору ким экени белгисиз. Компьютерде да, кагаз түрүндө таратканында дагы жок, жазылбаптыр. Азыр талкуу башталганга чейин жаңы Конституциянын долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн таратып койсоңуздар. Эл билип алсын", — деди Акаев.

Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Эл өкүлдөрүнүн айрымдары автор экенин четке каккан.

Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган.

Ал эми 17-февралда жаңы Баш мыйзамды демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган.

sputnik