Казакстандык жана украиналык футболчулар мушташа кетип, оюн токтоду. Видео

2 марта 2021 Казакстандык жана украиналык футболчулар мушташа кетип, оюн токтоду. Видео

Казакстандык "Окжетпес" жана украиналык "Верес" футбол клубдарынын беттеши массалык мушташтан улам токтотулду.

Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.

Оюн достук маанайда башталып, казакстандыктар эсепти ачкан. Биринчи бөлүктүн 29-мүнөтүндө украиналыктардын коргоочусу Дмитрий Немчанинов орой ойноп, казакстандык оюнчу ага каршы атырылган. Чырды токтотуунун ордуна алмашууда турган оюнчулар, машыктыруучулар штабы оюн талаасына чуркап чыгып, мушташа кетишкен.

Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.

Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.

"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.

Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.


sputnik