9-марттан тарта Бишкекте 2, 3, 4-класстар мектепке барып окуй баштайт

3 марта 2021 9-марттан тарта Бишкекте 2, 3, 4-класстар мектепке барып окуй баштайт

Бишкек мэриясынан балдарды окутууда сантирдык- эпидемиологиялык талаптар бекем сакталарын айтышты.

9-марттан тарта Бишкекте 2, 3, 4-класстар мектепке барып билим ала башташат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

"9-марттан тарта Бишкекте 2, 3, 4-класстар офлайн окуй башташат, муну менен катар санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекем сакталат , — деп айтышты мэриядан.

Мындай чечим вице-мэр Айжан Чыныбаева жетектеген Бишкек мэриясынын атайын комиссиянын мектептер менен бала бакчалардын ишин этап-этабы менен кайра жандандыруу боюнча өткөн жыйынында талкууланган.
Эпидемиологиялык абалды эске алып, мектепке чейинки курактагы балдардын арасындагы КРВИ, анын ичинде COVID-19 менен ооруган тенденцияны эске алуу менен жана окууну коопсуз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, төмөнкү чечимди кабыл алган.
Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептердеги 2, 3, 4-класстарды 9-марттан тарта санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, ченемдерди сактоо менен кадимки тартипте окутууну жандандырылсын.

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгына мектептердеги билим берүү процессин топторго бөлбөй, 40-45 мүнөттөн окутуу белгиленди.

"Урматтуу балдар, ата-энелер, чоң ата, чоң энелер! Пандемия шартындагы бардык эрежелерди сактап, бет кап тагынып, антисептикалык каражаттарды сөзсүз пайдаланыңыздар. Иммунитетти бекемдеп, спорт менен машыгып, ден соолукта болуңуздар. Мэрия офлайн окууну бардык класстар үчүн кайра жандандыруу боюнча болгон күчүн жумшап иштеп жатат, эпидемиялык абал жакшырып, мүмкүнчүлүк жаралса эле дароо кадимки тартиптеги окууга өтөбүз. Түшүнүп жана чыдамкайлык менен кылган мамилеңизге ыраазылык билдиребиз", — деп айтылган маалыматта.

Учурда 1, 5, 9, 11-класстар мектепте кадимки тартипте билим алып жатышкан.

sputnik