Жогорку сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты

3 марта 2021 Жогорку сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты

Текебаев мандатын кайтарып алгандан кийин активист Темирлан Ормуков БШКнын токтомуна каршы сотко кайрылган. Бишкек шаардык административдик соту жана шаардык сот саясатчыга мандатын кайтарып берген токтомду жараксыз деп тапкан.

Жогорку сот парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку соттун маалымат катчысы Чынара Мамытканова билдирди.

Анын айтымында, Текебаевдин мандатына байланыштуу соттук отурум бүгүн, 3-мартта, болгон.

"Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкан Бишкек шаардык административдик соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды", — деди маалымат катчы.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, иш кайра башынан кароого жөнөтүлгөндөн кийин БШКга кайрылып мандатын кайтарып алган.

Бирок активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган.

Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевге мандатын кайтарып алуу боюнча БШК берген токтомду өткөн жылдын ноябрь айында жараксыз деп тапкан.

Декабрь айынын соңунда административдик соттун чечимин шаардык сот дагы күчүндө калтырган.

sputnik