"Жашыл коридор" үчүн ыраазычылык. Жапаров Казакстандын премьери Маминге жолукту

3 марта 2021 "Жашыл коридор" үчүн ыраазычылык. Жапаров Казакстандын премьери Маминге жолукту

2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында Казакстан эмгек мигранттарынын мекенине кайтып келүүсүнө "жашыл коридорлорду" түзүп берген.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашышкан.

Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, мамлекеттердин өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Жапаров 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында Казакстан мамлекети биринчилерден болуп кол сунуп, чоң колдоо көрсөтүп, эмгек мигранттарынын мекенине кайтып келүүсүнө "жашыл коридорлорду" түзүп бергендиги үчүн коңшу өлкөнүн өкмөтүнө кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирген.

Мамлекет башчы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын белгилеген.

Президент кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирген.

sputnik