Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
24 февраля 2021Россиялык инвесторлор менен ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрүн тоо-кен, энергетика, транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, туризм тармагындагы долбоорлор кызыктырарына ишенем.
24 февраля 2021Лондондун "Челси" клубунун чабуулчусу Оливье Жиру УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинде чимирилип тээп киргизген голу талкууланып жатат. Мындай окуя мелдештин плей-офф баскычында мадриддик "Атлетико" командасына каршы оюнда болду.
24 февраля 2021"Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия, "мамлекеттик комиссия" деп өзгөртүлдү. Тиешелүү токтом бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды.
24 февраля 202127-октябрда кызматынан алынган Дүйшөбаев маалымат жыйында кримтөбөлдү колго түшүрүү боюнча чоң шоу ойнотулганын айткан. Ал "ыкчам маалыматы" боюнча сот Көлбаевди ошол эле күнү же эртеси бошотуп жиберет деген. Дүйшөбаевдин тастыкташынча, эгер аны бошотпосо, кылмыш чөйрөсү учурдагы бийликке доомат коёт. Коопсуздук кеңешинин мурдагы башчысы бул айтылгандары толук тастыкталган маалымат эмес экендигин да белгилеген.
24 февраля 2021Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевдин айтымында, учурда Кореяда иштеп жана окуп жүргөн 6000ден ашуун кыргызстандык бар. Ушул күнгө чейин ал жакта эки мекендеш соттолуп, бирөө жазасын өтөп чыккан. Ал эми өлкөдө алты кореялыктын жазык иши каралууда.
24 февраля 2021Максат Сабиров "Республика — Ата-Журт" партиясынын мүчөсү, 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келе жаткан. Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Республика" партиясы менен катышкан.
24 февраля 2021Сүрөттөн балатынын жанынан Аяз кыз болочок спортчулардын колунан кармап түшкөнүн көрүүгө болот. Бир караганда Аяз кыз мушкерлердин апасы Елена Шевченкону элестетет. Бирок Шевченко Sputnik агентттигине сүрөттө ал эместигин билдирди.
24 февраля 2021Мындан сырткары, ал Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды пландаштырганы айтылды.
24 февраля 2021Коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн. Бул тууралуу ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюгенин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
24 февраля 2021"КРдин чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо (жеткирүү) тартибин жөнгө салуу, ошондой эле КРдин кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүүдө туугандарына же жакын адамдарына мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында Конституциянын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат", — деп жазылат маалыматта.
24 февраля 2021Түркиянын Milliyet басылмасы кадимки пияздын пайдалуу касиеттери тууралуу макала жарыялаганын РИА Новости жазды. Билдирмеге караганда, аталган азык витаминге өтө бай жана ден соолукту бекемдөөгө жардам берет.
24 февраля 202125 жаштагы келин жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын жолдошу уруп жатканы тартылган.
24 февраля 2021Зааранын түсүнө да маани берүү керек. Эгер заара каралжын-күрөң түстө чыкса, анда ал уйку бездеги шишиктен кабар берет.
24 февраля 2021Азыр Медер экөөбүздүн үй-жайыбыз, эки балабыз бар, жашообуз өз нугунда өтүп атат. Эң кызыгы, баягы кыз дагы деле "жаныбызда". Медер менен чогуу иштейт. Турмушка чыгып, балалуу болуптур. Бирок менин жүрөгүм такыр тынчыбайт. Күйөөм экөөнүн ортосунда "байланыш" бары-жогун так билбейм, күйөөмдөн ачык сурай дагы албайм.
23 февраля 2021Ашыкча салмактан тезирээк арылуу үчүн аялдар катаал диетага отуруп алат. Мындай кадам туура эмес, анткени бул учурда организм катуу стресске кабылып, ден соолук жабыркай турганын диетолог Елена Календин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
23 февраля 2021Илимпоздор 71 үй-бүлөнү иликтөөгө алышкан. Алгач түгөйлөр үйлөнгөн маалда алардан ДНК анализ алып, генетикасынын кайсы түргө кирерин аныкташкан.
23 февраля 2021Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык иштерге тийиштиги бар экенин моюндап, мамлекетке 2 миллиард сомдук зыянды толтуруп берген. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна “Эльдорадо” соода борборун, тогуз батирин өткөрүп бергени айтылган.
23 февраля 2021Жакынкы күндөрү район акимдери жана орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда маалымдады.
23 февраля 2021Турак жай алуу — кыргызстандыктардын жашоодогу негизги максаттарынын бири. Дароо эле үй сатып алуу көпчүлүк үчүн мүмкүн болбогондуктан, ипотека алууга туура келет. Бирок алгачкы төлөмдү табуу да бир тобуна оңой-олтоң иш эмес. Sputnik Кыргызстан дал ушул төлөмдү табуу жолдорун издеп көрдү.
23 февраля 20212008-жылы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна тогуз күн калганда БШКнын төрайымы Клара Кабилова коркутуп-үркүтүү болду деп Москвага качып кеткен. Ал аты-жөнүн өзгөртүп, 10 жылдан кийин ЖК депутаты болду. Эми Москвага элчи катары баратат.
23 февраля 2021Техаска капыстан түшкөн катуу суук миллиондогон америкалыктардын башына балээ болуп тийди. Аба ырайы адатта жылуу болуп келген түштүктөгү штатта өткөн жумада температура -20 градуска чейин түштү.
23 февраля 2021"Бишкек асфальт сервис" калаадагы капкаксыз калган кудуктардын жапкычтарын кайрадан жаңыртууда. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
23 февраля 2021УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун кан басымы жогорулап жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
23 февраля 2021Эске сала кетсек, кыргызстандыктарды тажик тарап барымтага алып алды деген маалыматтар кечээ социалдык тармактарда тарап, айрым ЖМКлар да жазып чыгышкан. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган.
23 февраля 2021Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жактоочусу Данияр Эркимбаев экс-премьердин ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
23 февраля 2021Мурда айдалган автоунааны сатып алып жатканда кантип текшерип көрсө болот. Бул тууралуу "Прайм" басылмасына Россиядагы Fresh Auto автосалонунун негиздөөчүсү Денис Мигаль айтып берди.
23 февраля 2021"Ооз менен мурундун дайыма жабылып жүрүшү биринчи кезекте дем алууга таасирин тийгизип, адам абаны оозу аркылуу көбүрөөк жута баштайт. Андан улам нымдуулуктун агымы азайып, адамдын ооз көңдөйү кургайт. Бул кариестин өрчүп кетишине жана бүйлөлөрдүн оорушуна алып келет", — деп түшүндүрдү врач.
22 февраля 2021Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
22 февраля 2021Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаков президент Шавкат Мирзиёевден катуу сын уккандан кийин жашоо шарты өтө татаал Бунёдкор айылына көчүп барып, контейнерде жашайм деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
22 февраля 2021Аталган буйрукта апрель айынын ортосуна чейинки график аныкталган. Аткаруу бийлигинин башчыларына кирүү үчүн өкмөттүн коомдук кабылдамасына кайрылыш керек. Ал Өкмөт үйүнүн (Абдумомунов көчөсү, 207) батыш тарабында жайгашкан. Маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 62-53-85, 62-50-20.
22 февраля 2021Дарыгер кант диабети кооптуулугун азайта турган азыктарды санап жатып, ага ченеми менен ичилген кофе, сүт жана кызыл шарапты кошту. РИА Новости бул боюнча адис жана теле алып баруучу Александр Мясниковдун айтканына таянып жазды.
22 февраля 2021Коронавирустан сакайгандарда COVID-19га каршы иммунитети узак убакытка чейин сакталат. Мындай ачылыш Инсбрук медициналык университетинин адистери тарабынан жасалганын Euronews маалымат булагына таянып, РИА Новости жазды.
22 февраля 2021Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады.
22 февраля 2021