Мурда айдалган автоунааны сатып аларда кантип текшерүү керектиги айтылды

23 февраля 2021 Мурда айдалган автоунааны сатып аларда кантип текшерүү керектиги айтылды

Мурда айдалган автоунааны сатып алып жатканда кантип текшерип көрсө болот. Бул тууралуу "Прайм" басылмасына Россиядагы Fresh Auto автосалонунун негиздөөчүсү Денис Мигаль айтып берди.

Анын пикиринде, эгер автоунааны жаңы эле чет өлкөдөн алып келишкен болсо, атайын сайттар же тиркемелер аркылуу мурда канча кишинин колунан өткөнү, кандай жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу маалыматтарды тапса болот.

"Бирок ал сайттарда жол кырсыктары боюнча маалымат толук камтылбай калышы мүмкүн. Мисалы, тараптар ошол жерден сүйлөшүп бүтүрүп алса полиция же камсыздандыруучу компания бул тууралуу билбейт да, маалымат тиркемеге киргизилбей калат. Демек, кырсык боюнча "кагаз жүзүндө" маалымат жок. Бирок автокөлүктүн ичи талкаланган болушу толук ыктымал", — деди адис.

Ошондой эле ал автоунааны адистерге күндүз сыртта текшерткен туура экенин айтат. Анткени кечкисин же күңүрт болуп турган имараттардын ичинде каратып жатканда айрым кемчиликтер көрүнбөй калышы ыктымал.

Мындан тышкары, бурамаларга жана тетиктердин сырдалышына көңүл буруу керек.

"Эгер кайсы бир тетик алмашкан болсо, билинбей калышы үчүн мурункусуна окшош сыр менен сырдап коюшу мүмкүн. Бир нерседен шек санасаңыз, ошол жерди сыйпалап көрүңүз. Заводдо сырдалган жер дайыма идеалдуу тегиз болот. Автоунаа оңдоочу жерде эч качан заводдукундай сырдай алышпайт", — деди Мигаль.

Дагы бир өтө маанилүү жагдай — мотор, лонжерондор жана "канаттарынын" абалы. Бул үчөөндө дат, жарака же кыйшык жерлери болсо, демек, автоунаанын абалы анча жакшы эмес же катуу урунган болушу толук ыктымал.


sputnik