Ысык-Атада аялын коркутуш үчүн өгөй уулун сабап, видеого тарткан киши кармалды

24 февраля 2021 Ысык-Атада аялын коркутуш үчүн өгөй уулун сабап, видеого тарткан киши кармалды

25 жаштагы келин жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын жолдошу уруп жатканы тартылган.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда өгөй баласын сабаган киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 23-февралда, райондук ички иштер органдарына 25 жаштагы келин жарандык никедеги күйөөсү кечээ кечинде беш жаштагы баласын ур-токмокко алганын айтып кайрылган.

Аялдын айтымында, 22-февралда жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын уруп жатканы көрсөтүлгөн.

Аталган факты Жоруктар кодексиндеги "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен каттоого алынган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 33 жаштагы киши кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу тергөө абагына киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Жашы жете элек бала Тез жардам кызматынан жардам алгандан кийин энесине амбулатордук дарылануу үчүн берилген.

Арыз жазган аял менен шектүү беш жылдан бери чогуу жашап, Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайда иштери аныкталган. Сабалган баладан тышкары экөөнүн төрт жаштагы баласы бар экени белгилүү болгон.

sputnik