Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу

24 февраля 2021 Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу

Лондондун "Челси" клубунун чабуулчусу Оливье Жиру УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинде чимирилип тээп киргизген голу талкууланып жатат. Мындай окуя мелдештин плей-офф баскычында мадриддик "Атлетико" командасына каршы оюнда болду.

ВИДЕО

​Экинчи бөлүктүн 68-мүнөтүндө лондондуктар кезектеги чабуулун жасаган. Атаандаштын айып аянтында коргоочунун бутуна тийип асманга көкөлөгөн топту Жиру чалкасынан жыгылып бара жатып чимирилип тээп, дарбазага киргизген. Бул беттештеги жалгыз жана россиялык миллиардер Роман Абрамовичтин командасына жеңиш алып келген гол болду.

​Эрежеге ылайык, "Атлетико" талаа ээси болгон. Бирок коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу беттеш Бухаресттеги бейтарап жерде өттү. Жооптук беттеш 17-мартта Лондондо болот.


sputnik