Жанылыктар

Кыргызстандыктар март айында 10 күн эс алышы мүмкүн

Календарга ылайык, өлкө тургундары 6-7-8-март, ошондой эле 13, 14, 20, 21, 22-март күндөрү үйдө болушат. Мында Нооруз белгиленчү 21-март жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Ал эми 27 жана 28-март кадимки дем алыш.

19 февраля 2021
Уролог эркектин бел кубатын бекемдөөчү беш эрежени санап берди

Май организмге аялдарга тиешелүү эстроген гормонун бөлүп чыгарат. Ошол себептүү ашыкча салмагы бар балдардын жыныстык жетилүүсү теңтуштарына салыштырмалуу кечирээк болот.

19 февраля 2021
Дем алыш күндөрү Бишкектин 4 районунда жарманке өтөт. Азык-түлүктүн баасы
Дем алыш күндөрү Бишкектин 4 районунда жарманке өтөт. Азык-түлүктүн баасы

Жуманын дем алыш күндөрү өтүп жаткан жарманке бул ирет Бишкек шаарынын төрт районунда уюштурулат. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

19 февраля 2021
Кыргызстанга Россиядан мугалимдер келди. Сүрөттөр
Кыргызстанга Россиядан мугалимдер келди. Сүрөттөр

РФтин Агартуу министрлигинин "Россиянын мугалими чет жерде" аттуу гуманитардык долбоорунун алкагында Ошко педагогдордун делегациясы учуп келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

19 февраля 2021
Ош мэриясы "шаарда балдар өлүмү көп катталууда" деген билдирүүгө үн катты
Ош мэриясы "шаарда балдар өлүмү көп катталууда" деген билдирүүгө үн катты

Бүгүн Facebook тармагынын Ахрор Иминов аттуу колдонуучусу Ош шаарына жакын жердеги көрүстөнгө жаш балдар көп коюлуп жатканын, бир жуманын ичинде эле 20 бала жерге берилгенин айткан. Ага таянып маалыматты айрым ЖМКлар дагы жазган.

19 февраля 2021
Садыр Жапаровдун Россияга жасай турчу иш сапарынан эмне күтүлүп жатат
Садыр Жапаровдун Россияга жасай турчу иш сапарынан эмне күтүлүп жатат

Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына жасай турган сапары 24-25-февралга белгиленген. Мамлекет башчы учурда тыкыр даярдыктан улам обочолонууда болуп жатат. Бул иш сапардан эки тарап тең көп нерсени күтүп жатат. Саясий "көздөн кечирүү", КР президентинин эл аралык жогорку деңгээлде биринчи ирет чыгышы, мындан тышкары, стратегиялык өнөктөштөрдүн мамилесинин кайсы багыт менен өнүгө турганы аныкталмакчы.

19 февраля 2021
20 жаштагы Садыр Жапаров. Президенттин армиядагы кези. Фотофакт
20 жаштагы Садыр Жапаров. Президенттин армиядагы кези. Фотофакт

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзедеги дене тарбия институтуна өткөн. Бирок 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин катардагы жоокерден Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командирине чейин жеткен.

19 февраля 2021
Ташиев Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты
Ташиев Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты

Эгерде Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт. Бул туурасында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев чек арага жакын аймактардын жашоочулары менен жолугушуп жатканда айтты.

19 февраля 2021
Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн
Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн

Урологдун "эркек болуп туулса эле аны сөзсүз сүннөткө отургузуу керек эмес" деген сөзү мени таң калтырды. Өзүм эки эркек баланын энеси болсом дагы буга чейин мындай пикир уккан эмесмин.

19 февраля 2021
Ташиев: эртеңден баштап чоң-чоң аткаминерлер камалат
Ташиев: эртеңден баштап чоң-чоң аткаминерлер камалат

Эртеңден баштап бир нече аткаминер камалат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары менен жолугушууда билдирди.

19 февраля 2021
Райымбек Матраимов кайра кармалды
Райымбек Матраимов кайра кармалды

Райымбек Матраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт. 

19 февраля 2021
Ташиев депутат Жумалиевди УКМК кармаганда эмне дегенин айтып берди
Ташиев депутат Жумалиевди УКМК кармаганда эмне дегенин айтып берди

Экс-премьер, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин аянты 33 гектар болгон заводу бар. Бул туурасында УКМКнын жетекчиси чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугуп жатканда билдирди.

19 февраля 2021
Балдардан ПЦР-тест алынат. Өкмөт мектеп, бакчаларга бир нече тапшырма берди
Балдардан ПЦР-тест алынат. Өкмөт мектеп, бакчаларга бир нече тапшырма берди

Биринчи вице-премьер мектеп жана бала бакчаларда коронавирустун белгилери байкалган бөбөк, жеткинчектерден ПЦР-тест алуу тапшырмасын берген.

18 февраля 2021
Новиков: мектептерди толук кандуу иштетүү азырынча эрте
Новиков: мектептерди толук кандуу иштетүү азырынча эрте

Кеңешмеде тиешелүү органдар 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн сын укту.

18 февраля 2021
Кар жаап, суук түшөт! Шашылыш билдирүү
Кар жаап, суук түшөт! Шашылыш билдирүү

Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

18 февраля 2021
Трампка таандык 39 кабаттуу мейманкананын жарылган видеосу жарыяланды
Трампка таандык 39 кабаттуу мейманкананын жарылган видеосу жарыяланды

Мындан дээрлик 40 жыл мурун курулган имараттын кыйраганын көрүү үчүн шаардын көптөгөн тургундары чогулганы айтылды.

18 февраля 2021
Рыспаев: бул Конституцияны эч ким өзгөртө албайт экен, кайра башынан жазалы
Рыспаев: бул Конституцияны эч ким өзгөртө албайт экен, кайра башынан жазалы

Жыйында бир нече парламентарий эмнеге олуттуу өзгөртүүлөр болбогонун сураганда кеңешменин төрагасы 80 депутат демилгелеген долбоордун концепциясынан чыга албаганын айтты.

18 февраля 2021
Куткаруучулар Бишкекте сууга түшүп кеткен кишини аман алып чыгышты. Сүрөт
Куткаруучулар Бишкекте сууга түшүп кеткен кишини аман алып чыгышты. Сүрөт

112 кызматына маалымат түшөрү менен жерине беш куткаруучу барып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен адамды аман алып калышты.

18 февраля 2021
Гүлнара-Клара Самат Россиядагы элчи кызматына сунушталууда
Гүлнара-Клара Самат Россиядагы элчи кызматына сунушталууда

2020-жылдын октябрь айына чейин аталган кызматты Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, аны дагы элчиликтен бошоткон.

18 февраля 2021
Энеси үч баласын жыңылачтап, аяздуу күнү токойго алып барып таштады
Энеси үч баласын жыңылачтап, аяздуу күнү токойго алып барып таштады

Новомосковск шаарынын тургуну 33 жаштагы Наталья Вазинанын тун уулу 10 жашта, ортончу кызы эки жашта, кичүү кызы бир жашта болгон. Ал балдарды түн ичинде унаага салып алып, салондо чечиндирип, өзү да чечинип, балдарын ээрчитип токойго кирип кетет.

18 февраля 2021
Дүйнөнүн эң бай беш кишиси аныкталды. Жаңы рейтинг
Дүйнөнүн эң бай беш кишиси аныкталды. Жаңы рейтинг

Аmazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос бир айдан бери алдына киши салбай келе жаткан Илон Маскты артта калтырып, кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам болуп калды. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

17 февраля 2021
Финполчуларды көрүп акчаны ыргытып жиберген. Пара менен кармалган тергөөчү. Видео
Финполчуларды көрүп акчаны ыргытып жиберген. Пара менен кармалган тергөөчү. Видео

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жана Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

17 февраля 2021
Кургатылган жемиштер ден соолукка кооптуу экени аныкталды
Кургатылган жемиштер ден соолукка кооптуу экени аныкталды

Кургатылган жемиштерди дайыма керектөө ден соолукка зыян тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Harper's Bazaar басылмасы дарыгерлерге шилтеме жасап жазды.

17 февраля 2021
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен сүйлөштү
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен сүйлөштү

Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президент Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчы аны менен жолуга албай турганы айтылган.

17 февраля 2021
Агасынан таяк жеп майып болгон 7 жаштагы Ибрагимге батир белек кылышты
Агасынан таяк жеп майып болгон 7 жаштагы Ибрагимге батир белек кылышты

Баланы өгөй энеси асырап алган, алар буга чейин Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда батирде жашап келген.

17 февраля 2021
Бутту оорутат. Өлүмгө кептеген дарттын белгиси аталды
Бутту оорутат. Өлүмгө кептеген дарттын белгиси аталды

Жыныс безинде залалдуу шишик болгон учурда сперма бөлүп чыгарууда ыңгайсыздык жаралып, заара кылуу да көйгөй болуп калары айтылды.

17 февраля 2021
Фирмасын селсаяктарга каттаган. Финпол коррупциялык схеманы жок кылды. Сүрөт
Фирмасын селсаяктарга каттаган. Финпол коррупциялык схеманы жок кылды. Сүрөт

Кылмыштуу топ башка мамлекетке көчүп кетип жаткан жарандарды, психикалык жактан оорулууларды жана селсаяктарды пайдаланганы айтылат.

16 февраля 2021
Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси карала баштады
Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси карала баштады

Премьер-министр Улукбек Марипов бийлик Баткенде жашап жаткан жарандарга жардам берүү үчүн бардык аракеттерди жасай турганын белгиледи.

16 февраля 2021
Турмушка чыгайын десем уулум каршы болууда... Аялдын каты
Турмушка чыгайын десем уулум каршы болууда... Аялдын каты

40 жашымда күйөөдөн калдым. Жолдошум ооруп жүрүп каза болгон, бир уул, эки кызым бар. Кичүү балам тогуз жашта болчу. Кыздарым чоңоюп калган. Күйөөм каза болгон кезде айылдан шаарга көчүп келип там салып жатканбыз, бүтпөй калды.

16 февраля 2021
Кыргызстанда мартта күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн. Себеби
Кыргызстанда мартта күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн. Себеби

Ушул жылдын март айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

16 февраля 2021
Антителодон коркпойт. Он өлкөдө COVID-19дун жаңы штаммы табылды
Антителодон коркпойт. Он өлкөдө COVID-19дун жаңы штаммы табылды

Эдинбург университетинин окумуштуулары берген маалымат боюнча, вирустун жаңы штаммы көбүнчө Улуу Британияда, Данияда, Нигерияда, АКШда, Францияда катталды.

16 февраля 2021
Эндокринолог күтүүсүздөн семирип кетүүнүн беш себебин атады
Эндокринолог күтүүсүздөн семирип кетүүнүн беш себебин атады

Ашыкча салмакка алып келген дагы бир себеп — бул организмдеги суунун жетишсиздиги. Дарыгердин айтымында, тынбай суу ичип турганда зыяндуу калорийлердин саны азайып, организм тазаланат.

16 февраля 2021
Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду
Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

16 февраля 2021
Эркек киши короновирус жуктурган оорулуунун шилекейин сатып алып, башчысынын чайына аралаштырып берген
Эркек киши короновирус жуктурган оорулуунун шилекейин сатып алып, башчысынын чайына аралаштырып берген

Түркияда автосалондун кызматкери COVID-19 жуктурган адамдан шилекей сатып алып, башчысынын чайына аралаштырып берген. Эми ал сот алдында жооп берет.

16 февраля 2021