Трампка таандык 39 кабаттуу мейманкананын жарылган видеосу жарыяланды

18 февраля 2021 Трампка таандык 39 кабаттуу мейманкананын жарылган видеосу жарыяланды

Мындан дээрлик 40 жыл мурун курулган имараттын кыйраганын көрүү үчүн шаардын көптөгөн тургундары чогулганы айтылды.

АКШнын Атлантик-Сити шаарындагы экс-президент Дональд Трампка таандык 39 кабаттуу казино жана Trump Plaza мейманканасы атайын жардырылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Окуянын видеосу жергиликтүү маалымат порталдын Youtube каналына жарыяланган.

Жергиликтүү басылма шаардагы белгилүү имараттын кыйраганын көрүү үчүн көптөгөн тургундар чогулганын жазган.

Бул имарат 1984-жылы курулуп, шаардагы белгилүү казинолордун бири болчу. Бирок 2014-жылы ишин токтоткон, буга байланышту көптөгөн адамдар жумушсуз да калганы айтылды. Казино 2016-жылы ага ээлик кылуучу Trump Entertainment Resorts компаниясынан Icahn Enterprises компаниясына өткөн.

Атлантика шаарынын мэри Марти Смолл өзүнүн администрациясына 2020-жылы ошол маалда имараттын дубалдары урай баштагандыктан аны бузууга буйрук бергени кабарланды.

sputnik