Кар жаап, суук түшөт! Шашылыш билдирүү

18 февраля 2021 Кар жаап, суук түшөт! Шашылыш билдирүү

Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-23-февраль аралыгында аба ырайы кескин өзгөрүшү, көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаашы күтүлүп жатканын айтып ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 21-22-23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз -2…+3 градус болору айтылды.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5 градуска чейин суук, күндүз 3 градуска чейин жылуу болору күтүлүп жатат.

23-24-февраль күндөрү Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 градуска чейин төмөндөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

sputnik