Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу

21 февраля 2021 Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу

Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун гран-при мелдешиндеги беттешин нокаут менен утту. Окуянын видеосун кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер Instagram баракчаларына жарыялады.

ВИДЕО

Абдыкааров чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон. Атаандашы жерге кулаганда учурдан пайдаланып сокку жаадырган. Калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулуп, техникалык нокаут деп катталды.

Чейрек финалдык дагы бир жупта бразилиялык Матеус Сантос россиялык Александр Володинди утту. Эми Абдыкааров жарым финалда Сантос менен кездешет. Жарым финалдык кармаштын күнү азырынча айтыла элек. Мелдеш Россиянын Самара шаарындагы MTL Arena спорттук жайында өтүп жатат. Марада бир миллион рубль акчалай сыйлык жана чемпиондук кур бар.


sputnik