Энеси үч баласын жыңылачтап, аяздуу күнү токойго алып барып таштады

18 февраля 2021 Энеси үч баласын жыңылачтап, аяздуу күнү токойго алып барып таштады

Новомосковск шаарынын тургуну 33 жаштагы Наталья Вазинанын тун уулу 10 жашта, ортончу кызы эки жашта, кичүү кызы бир жашта болгон. Ал балдарды түн ичинде унаага салып алып, салондо чечиндирип, өзү да чечинип, балдарын ээрчитип токойго кирип кетет.

Ити менен сейилдеп жүргөн Сосенскиде жашаган тургундардын бири балдарды куткарып калган. Бул жапайы көрүнүштү көргөндөн кийин полиция чакырган.

Балдар аман калып, бирок ар кандай даражада үшүк алышкан. Алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Аял да ооруканага жаткырылып, анын психикалык саламаттыгы текшерилип жатат.

Аялга үч кичинекей баланы өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр аялдын үрөй учурган жоругун териштирип жатышат. Аял балдардын атасы менен урушуп, андан ушул жол менен өч алууну чечкен.