Кандай нан кишини семиртип жибербей тургандыгын адис айтып берди

21 февраля 2021 Кандай нан кишини семиртип жибербей тургандыгын адис айтып берди

Кара нан кишини семиртпестигин жана ал оорулардын алдын алуу касиетине ээ экендигин Нан бышыруу өнөр жайы боюнча илим-изилдөө институтунун директору Марина Костюченко айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Эксперт ал нанды көп жеген киши толуп кетет деген пикирлерди четке каккан.

"Эртең мененки тамак учурунда жеген бир кесим кара нан сиздердин килограмм эмес, бир грамм да салмак кошууңуздарга таасирин тийгизбейт. Анын азык болуу касиети өтө жогору эмес, бир бөлкө нанда 250-500 кило калорий бар", — деген ал.

Адис, мындан тышкары, кара нан жашылча-жемиштей эле пайдалуу экендигин, кара буудайдын курамында темир уйдун этине караганда үч эсеге көп болорун кошумчалаган.


sputnik