19 февраля 2021
Жуманын дем алыш күндөрү өтүп жаткан жарманке бул ирет Бишкек шаарынын төрт районунда уюштурулат. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Азык-түлүк жарманкеси өтүүчү даректер:
- Ленин району, Чапаев — Айни көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Октябрь району, 12-кичи район, Аалы Токомбаев көчөсү;
- Биринчи май району, Исхак Раззаков жана Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Свердлов району, Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Баалар төмөндөгүдөй болот:
- Уй эти - 405 сом;
- Жылкы эти - 380-390 сом;
- Кой эти - 410 сом;
- Тоок эти - 190-200 сом;
- Суу май - 118-120 сом;
- Жумуртка 10 даана - 85-88 сом;
- Үй жумурткасы 10 даана - 90-100 сом;
- Кумшекер - 56-57 сом;
- Күрүч - 55-60 сом;
- Алма - 30-50 сом;
- Сабиз - 12-15 сом;
- Картошка - 22-25 сом;
- Пияз - 15-16 сом.
Жарманкеге ондогон ата мекендик өндүрүшчүлөр жана фермерлер азык-түлүктөрүн алып чыгат.