18 февраля 2021
112 кызматына маалымат түшөрү менен жерине беш куткаруучу барып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен адамды аман алып калышты.
Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектинде Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 47 жаштагы кишини куткаруучулар аман алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя бүгүн болгон. 112 кызматына маалымат түшөрү менен жерине беш куткаруучу барып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен адамды 5 метрлик бийиктикке атайын шаймандардын жардамы менен алып чыгышты.
Жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экени айтылды.