COVID-19дан айыккандардын иммунитети боюнча окумуштуулардын жаңы ачылышы

22 февраля 2021 COVID-19дан айыккандардын иммунитети боюнча окумуштуулардын жаңы ачылышы

Коронавирустан сакайгандарда COVID-19га каршы иммунитети узак убакытка чейин сакталат. Мындай ачылыш Инсбрук медициналык университетинин адистери тарабынан жасалганын Euronews маалымат булагына таянып, РИА Новости жазды.

Австриялык окумуштуулар бир жыл мурда Европада инфекциянын чок ортосу болуп, анын борборуна айланган Ишгиль тоо лыжа базасында масштабдуу изилдөө жүргүзүшкөн.

"Натыйжада биринчи изилдөөгө катышкандар кайра келгенде алардын 90 пайызында антителолор сакталган. Ошондой эле клеткалык иммунитети текшерилген респонденттердин 70 пайызында дагы деле клеткалык активдүүлүгү бар экендигин аныктадык", — деген иликтөө тобунун жетекчиси Вегенер Борена.

Окумуштуулар алынган маалыматтарга таянып, коомдо жамааттык иммунитет калыптанат деп ишенишет.

Буга чейин австралиялык окумуштуулар COVID-19 жуккандан кийинки төрт ай ичиндеги иммунитеттин эволюциясын сүрөттөп, алгачкы бир-эки айдын ичинде антителолордун деңгээли кескин төмөндөсө дагы бул көрүнүш кийин бир кыйла басаңдаарын аныкташкан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2020-жылдын 11-мартында жаңы коронавирустук COVID-19 инфекциясын пандемия деп жарыялаган.


sputnik