Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт

3 марта 2021 Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт

Окуя кечээ кечинде болгон. Ал жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.

Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЧС

Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти

Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда кырсыктын себеби такталууда.

sputnik