Коронавирус сифилис, сарык, бруцеллез, ичеги-карын ооруларын азайтты. Статистика

1 марта 2021 Коронавирус сифилис, сарык, бруцеллез, ичеги-карын ооруларын азайтты. Статистика

Былтыр кыргызстандыктар коронавирус инфекциясынан коргоном деп тазалыкты сактоо менен башка жугуштуу оорулардын санын азайта алды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2019-2020-жылдардагы жугуштуу оорулардын статистикалык айырмачылыгын айтып берди.

2020-жылы республикада жалпысынан 313 576 жугуштуу жана паразитардык оору катталган. Анын ичинен 60,7 пайызын сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар түзөт. Былтыр 2019-жылга салыштырмалуу 22 оорунун түрүнүн төмөндөшү байкалган.

Маселен, курч кармаган ичеги-карын оорулары үч эсеге аз катталган. Тагыраагы, 2019-жылы көрсөткүч 32 866 болсо, 2020-жылы 11 041 болгон.

2020-жылы курч кармаган ичеги-карын оорулары бир топ азайды

Аймактар
 
2019-жылы
 
2020-жылы
 
Айырмачылыгы
Бишкек шаары 5213 1500 -3713
Ош шаары 1061 237 -824
Баткен 3591 1655 -1936
Жалал-Абад 7349 2825 -4524
Ысык-Көл 2971 875 -2096
Нарын 1563 458 -1105
Ош 4335 1404 -2931
Талас 1607 410 -1197
Чүй 5050 1635 -3415

Булак: Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 

Сарык оорусу (вирустук гепатиттин түрлөрү) жалпысынан 55,4 пайызга төмөндөгөн. 2019-жылы 10 579 кишиде оору аныкталса, 2019-жылы 4 805 учур катталган. Вирустук гепатиттин 96,8 пайызын А түрү түзөт.

Вирустук гепатиттин түрлөрү 2020-жылы 55,4 пайызга төмөндөгөн

Аймактар
 
2019-жылы
 
2020-жылы
 
Айырмачылыгы
Бишкек шаары 1071 518 -553
Ош шаары 529 175 -364
Баткен 1640 998 -642
Жалал-Абад 2970 1260 -1710
Ысык-Көл 103 60 -43
Нарын 183 59 -124
Ош 2730 1276 -1454
Талас 202 48 -154
Чүй 1132 408 -724

Булак: Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 

Жугуштуу жана паразитардык оорулар, анын ичинен курч ичеги-карын илдеттери, вирустук гепатиттин А түрү колду таза жуубагандыктан, кир буюмдардан, жашылча-жемиштерден жугары белгиленет. Ал эми сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар коронавирус сыяктуу аба тамчысы аркылуу жугат.

"2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар, ошондой эле калк арасында санитардык-гигиеналык талаптардын так аткарылышы, башкача айтканда, бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, колду жууп туруу, антисептик колдонуу жана онлайн окуу жугуштуу оорулардын төмөндөшүнүн бирден-бир себеби болуп саналат", — деп билдирди департамент.

Мекеме жугуштуу ооруларды алдын алуу жана жайылтпоо үчүн иш-чаралар уланып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, коронавирустун фонунда азайган жугуштуу жана паразитардык оорулардын катарында бруцеллез (34,8 пайызга төмөндөгөн), эхинококкоз (34 пайыз), туберкулез (31,4 пайыз), сифилис (31,2 пайыз), котур (27,8), ВИЧ-инфекция (22 пайыз), гонорея (16,6 пайыз) бар.

Ошондой эле паротит (свинка) 11,5 эсеге, сальмонеллез 3,9 эсеге, көк жөтөл 4,5 эсеге, кызылча 3,3 эсеге, менингит 3 эсеге азайган.

Ал эми былтыр кара келте (паратиф), кептөөр (дифтерия), кутурма, кызамык, безгек (малярия) вирустук гепатиттин Е жана Д түрлөрү дээрлик катталган эмес.


sputnik