Алдына 4 "чычкан" чогултуп. Референдум дайындоого добуш берген депутаттардын видеосу

3 марта 2021 Алдына 4 "чычкан" чогултуп. Референдум дайындоого добуш берген депутаттардын видеосу

Бүгүн ЖК депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп берди. Өлкөнүн маанилүү документи каралып жатканына карабай бир эле депутат төрт кесиптешинин ордуна добуш берди.

Алгач Дастан Бекешев жок депутаттардын ноутбугун өчүрүүнү талап кылды, бирок андай болгон жок. Аңгыча эле Самат Исманов алдына төрт ноутбуктун "мышкасын" чогултуп жатканы көзгө урунду. Аны менен катар Акылбек Жапаров дагы төрт депутат үчүн добуш берди. Натыйжада 87 макул, 9 каршы добуш менен демилге колдоо тапты. Баса, УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов да "макул" деген добуш бергени айкын болду. Анын ордуна ким кнопка басканы белгисиз.

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.


sputnik