Жанылыктар

Садыр Жапаров: Айлык акы, пенсия өз убагында берилет

12-ноябрдагы маалымат жыйында президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров казынада пенсия, жөлөк пул, айлык акы төлөөгө каражат бар экенин айтып, жыл аягына чейин бары убагында берилерин маалымдады:

13 ноября 2020
Садыр Жапаров: Матраимовду камабоону өзүм сурангам, бул саясий чечим болгон

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Мыйзамсыз байыган мүлктү жана акчаны кайтарып берейин” деп өзү суранган. Бул тууралуу 12-ноябрда пресс-конференцияда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров аны камакка албоо себептери тууралуу суроого жооп берип жатып айтты.

12 ноября 2020
Садыр Жапаров соттолгондордун арасынан кимдерге ырайым берилерин айтты
Садыр Жапаров соттолгондордун арасынан кимдерге ырайым берилерин айтты

Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, учурда ырайым сурап арыз менен кайрылгандардын документтерин Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы жана башка тиешелүү органдар карап жатат.

12 ноября 2020
Мурдагы министр, профессор Каныбек Исаков кайтыш болду
Мурдагы министр, профессор Каныбек Исаков кайтыш болду

Кыргызстанда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Анын шакирттери да маалыматты ырасташты.

12 ноября 2020
Жапаров: Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт
Жапаров: Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт

Садыр Жапаров Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн маянасын көтөрүү үчүн 2,5 миллиард сом талап кылынарын, каржы булагы табылганын белгиледи.

12 ноября 2020
Бир дагы жер сатылбайт! Садыр Жапаров тышкы карыздан кутулуунун бир жолун айтты
Бир дагы жер сатылбайт! Садыр Жапаров тышкы карыздан кутулуунун бир жолун айтты

Жыйында журналисттердин бири "тышкы карыздан кутулуу үчүн Нарындагы Жетим-Тоону берет деген кептер чыгып жатат. Сиз президент болуп келип калсаңыз, сырттан келген инвесторлорго ал жерди иштетүүгө бересизби?" деген суроо узаткан.

12 ноября 2020
Бишкекте кесиптик кошуун өкүлдөрүнүн митинги өтүүдө
Бишкекте кесиптик кошуун өкүлдөрүнүн митинги өтүүдө

Бишкекте Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрүнүн нааразылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу 12-ноябрда Курулуш өнөр жайчылар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди. Анын айтымында, федерациянын имаратында чогулгандар Өкмөт үйүнүн алдына чейин барып, жөө жүрүш уюштурушат.

12 ноября 2020
Финпол: Максим Бакиевдин өнөктөшүнүн мүлкү боюнча ишке байланыштуу сот кызматкерлери кармалды
Финпол: Максим Бакиевдин өнөктөшүнүн мүлкү боюнча ишке байланыштуу сот кызматкерлери кармалды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен байланышта болгон адамдарга тиешелүү мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарган деген шек менен Бишкек шаарынын район аралык сотунун судьясы жана дагы бир сот кызматкери кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

12 ноября 2020
Токаев менен Мирзиёев Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү көздөп жатат
Токаев менен Мирзиёев Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү көздөп жатат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, Борбор Азиядагы абалды талкуулашты.

12 ноября 2020
Президенттикке талапкерлигин койгондор 15ке жетти. Арасында бир студент бар
Президенттикке талапкерлигин койгондор 15ке жетти. Арасында бир студент бар

Кыргызстандын мамлекет башчысын шайлоо күнү 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Ага катышууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз бериши керек.

12 ноября 2020
Жапаров 11 талапкерди судьялык кызматка дайындаган жок
Жапаров 11 талапкерди судьялык кызматка дайындаган жок

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго судьялык кызматка сунушталган 22 талапкердин ичинен 11и боюнча материалдарды артка кайтарды.

12 ноября 2020
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү

Финпол мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатканын белгиледи.

11 ноября 2020
Өкмөт үйүнүн алдында төртүнчү митинг өтүп жатат. Талаптары
Өкмөт үйүнүн алдында төртүнчү митинг өтүп жатат. Талаптары

Акцияга чыккандар жер алууга акча берип, бирок ээлик кыла албай 11 жылдан бери убаракерчилик тартып жүрүшкөнүн айтат.

11 ноября 2020
«Түндүк электрдин» кызматкерлери мурдагы жетекчини кайтарууну талап кылышууда
«Түндүк электрдин» кызматкерлери мурдагы жетекчини кайтарууну талап кылышууда

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында бүгүн, 11-ноябрда «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери кайрадан акция өткөрүп жатышат. Алар компаниянын мурдагы жетекчиси Доскул Бекмурзаевди ордуна алып келүүнү талап кылышууда. Жамаат өкүлдөрү жаңы жетекчи менен иштей албай турганын билдиришүүдө.

11 ноября 2020
Садыр Жапаров: Улуттук илимдер академиясына 300 миллион сом бөлүнөт
Садыр Жапаров: Улуттук илимдер академиясына 300 миллион сом бөлүнөт

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын техникалык базасын жакшыртууга жана башка муктаждыктарына 300 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу 11-ноябрда мекеменин жамааты менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

11 ноября 2020
ИИМ: Кыргыз жарандарын чет жакка мыйзамсыз жөнөтүп жүргөндөр аныкталды
ИИМ: Кыргыз жарандарын чет жакка мыйзамсыз жөнөтүп жүргөндөр аныкталды

Кыргызстандыктарды чет жакка мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүү боюнча канал аныкталды. Бул тууралуу 11-ноябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы кабарлады.

11 ноября 2020
Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди
Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

«Реформа» партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болуу тууралуу арыз менен 11-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.

11 ноября 2020
Атамбаев соттон тарапташтарын бошотуп, өзүн абакта калтырууну өтүндү
Атамбаев соттон тарапташтарын бошотуп, өзүн абакта калтырууну өтүндү

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы каралып жатат.

11 ноября 2020
Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна алып келинди. Сүрөт
Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна алып келинди. Сүрөт

Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев бронхит илдетине кабылган мурдагы президенттин абалы жакшы болуп калганын, бирок дарылануусун улантып жатканын айткан.

11 ноября 2020
Автоунаа уурдап, дагы 4 кылмышка шектелген өспүрүмдүн видеосу
Автоунаа уурдап, дагы 4 кылмышка шектелген өспүрүмдүн видеосу

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы (КМК) бир нече автоунааны айдап качкан шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактап, колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирип, алгачкы сурактын видеосун жарыялады.

10 ноября 2020
Россиялык тынчтыкты орнотуучу күчтөр Карабахка учуп кетишти. Видео
Россиялык тынчтыкты орнотуучу күчтөр Карабахка учуп кетишти. Видео

Тоолуу Карабахтагы кырдаал 27-сентябрда курчуган. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыпташат. Россия, АКШ жана Франция лидерлери каршылаш тараптарды кагылышууларды токтотууга жана тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышты.

10 ноября 2020
Арменияда митингчилер парламент спикерин сабап кетти. Видео
Арменияда митингчилер парламент спикерин сабап кетти. Видео

Документке кол коюлары менен өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциялары башталган. Митингчилер имаратка кирип барып Пашиняндын иш бөлмөсүн талкалап, андагы мамлекеттик символдорду алып кетишкен.

10 ноября 2020
Өлүм тыйылбай койду. Кыргызстанда коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды
Өлүм тыйылбай койду. Кыргызстанда коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды

Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча үч адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

10 ноября 2020
Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышат. Президенттер эмнени талкуулайт?
Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышат. Президенттер эмнени талкуулайт?

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

10 ноября 2020
Кыргызстанда евронун курсу 100 сомдон ашты
Кыргызстанда евронун курсу 100 сомдон ашты

Андагы акыркы маалыматтарга караганда, акча алмаштыруу жайлары менен банктар бир еврону 99,15 сомго сатып алып, кайра 100,56 сомдон сатууда. Ал эми расмий курс катары 99,23 сом көрсөтүлүүдө.

9 ноября 2020
Президенттикке талапкер болууга тогуз киши расмий арыз берди
Президенттикке талапкер болууга тогуз киши расмий арыз берди

Президенттикке талапкер болууга 5-ноябрда эки адам арыз тапшырды. Алар Абыкаар Сыдыков жана Сазыкбай Турдумалиев аттуу жарандар. Бул тууралуу Борбордун шайлоо комиссиясы маалымдады.

6 ноября 2020
Депутат Карамушкина Атамбаев менен жолугуп чыкты
Депутат Карамушкина Атамбаев менен жолугуп чыкты

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина 4-ноябрда №47 түрмөдө отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкканын «Азаттыкка» билдирди. Карамушкинанын айтымында, Атамбаевдин бутунун тырмагына операция жасалган.

6 ноября 2020
Кыргызстанда катуу жер титиреди
Кыргызстанда катуу жер титиреди

Бүгүн Кыргызстанда магнитудасы 5,3кө жеткен жер титирөө катталганын Европа жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) билдирди.

6 ноября 2020
70 млн. сомдук зыянга учураткан. Финпол мэриянын экс-кызматкерин кармады
70 млн. сомдук зыянга учураткан. Финпол мэриянын экс-кызматкерин кармады

Финпол Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын О.С. аттуу мурдагы жетекчисин кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

6 ноября 2020
Жапаров менен жолуккан Бабанов президенттик шайлоого катышпай турганын айтты
Жапаров менен жолуккан Бабанов президенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Саясатчы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын айткан.

6 ноября 2020
Ар дайым сөз эркиндиги болсун! Жапаров ЖМК өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады
Ар дайым сөз эркиндиги болсун! Жапаров ЖМК өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артканын айтып, ЖМК өкүлдөрүнүн калыс маалымат жеткирүүсү коомдо маанилүү экенин белгилеген.

6 ноября 2020
Бишкекте үч киши коронавирустан көз жумду
Бишкекте үч киши коронавирустан көз жумду

Бийлик коронавирустун экинчи толкуну 10-15 күндө жогорку чегине жетерин божомолдоп, жарандардан санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоону өтүнүп жатат.

6 ноября 2020
Өзбекстан Кыргызстанга акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам берет
Өзбекстан Кыргызстанга акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам берет

Коңшу мамлекеттин премьер-министри Кыргызстанда ден соолукту чыңдоо боюнча мекеменин курулушун баштоого өзбек тарап даяр экенин айткан.

6 ноября 2020
74 орун бош. Коронавирусту дарылаган ооруканалардагы акыркы абал
74 орун бош. Коронавирусту дарылаган ооруканалардагы акыркы абал

Акыркы маалыматтар боюнча, Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун калган эмес. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дагы эки гана орун бар.

6 ноября 2020