Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы каралып жатат.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттон аны абакта калтырууну суранды. Бул туурасында анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.
Эске салсак, бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы каралып жатат.
"Сотко бир өтүнүчүм бар, мени абакта калтырыңыз. Ансыз деле мени 11 жылга колонияга кесишти, бирок мага карата бир дагы көрсөтмө жок. Баарын убакыт далилдейт, чындык жеңерин билип турам. Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү тастыкталат. Канат Сагымбаев, Фарид Ниязов мени сатып кетпегени үчүн отурат. Мен баарын көтөрөм. Үй камагына чыгарылгандар үй камагында калсын. Ал эми камакта отургандар бошотулушу керек", — деп кайрылган Атамбаев.
Белгилей кетсек, Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.
Ага чейин кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.