Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы 1993-жылдан 2002-жылга чейин өлкөнүн башында турган мамлекеттик органдар жана кызматкерлер чет элдик банктар менен макулдашып алып, тамак-аш, жеңил өнөр жай, фармацевтика, тоо, кен, таштандыны кайра иштетүү боюнча заводдорду өнүктүрүү максатында алынган насыяларды кымырып алган фактыларды аныктады.
5 ноября 2020Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өлкөдө коронавирустун жайылышы, эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берди. Сурабалдиева депутаттардын пандемия учурундагы сырттан келген каражаттар, жарандардын насыя төлөө маселеси жөнүндө суроолоруна жооп берип жатып, мурунку өкмөт мүчөлөрү каржы боюнча отчёт бербей кеткенин билдирди.
5 ноября 2020Консультанттын милдети кыргыз өкмөтүнө укук коргоо ишмердүүлүгү жана сот адилеттүүлүгү тармактарындагы реформаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, уюштуруу, алдыга жылдыруу маселелери боюнча кеңеш берүү.
5 ноября 2020Депутат журналисттерге берген маегинде бизнеске мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин аралашканын белгиледи.
5 ноября 2020Жалпысынан алганда Кыргызстанда COVID инфекциясынын 61 309 учуру катталып, анын ичинен 52 343 бейтап айыкты.
5 ноября 2020Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган делегация иш сапар менен 5-6-ноябрь күндөрү Ташкентте болот. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий кабарлады.
5 ноября 2020Бүгүн 5-ноябрда Бишкекте "Үмүт" деп аталган кыймыл жыйын өткөрүп, өлкөдө түзүлгөн саясий абал боюнча өз пикирин билдирет. Анын өкүлү Мухаммед Агибаев кабарлагандай, бул кыймыл парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда түзүлгөн жана курамына бир нече саясий партия кирген.
5 ноября 2020Буга чейин финансы полициясы Мухаммедкалый Абылгазиевди өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салган. Кийинчерээк ал суракка чакырылган, бирок кайсы иш боюнча экени ачыкталган эмес.
4 ноября 2020Беларуста мурдагы президент Курманбек Бакиев, уулу Марат жана бир тууганы Жаныш Бакиев жүрөт. Буга чейин Кыргызстан сурам жөнөткөнү менен аталган мамлекет баш тарткан.
4 ноября 2020Садыр Жапаровдун эжеси 2015-жылы сыртынан соттолгон. Ага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айыптар тагылган.
4 ноября 2020Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул маалыматты «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы тастыктап, бул жөнүндө толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
4 ноября 2020Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековго кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Мукаммедкалый Абылгазиевге айыбы угузула элек. Бул тууралуу 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге басма сөз жыйынында билдирди.
4 ноября 2020Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев парламентте төраганы шайлоо боюнча жарыш сөздө сөз сүйлөп, «Республика - Ата Журт» фракциясынан спикерликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Талант Мамытовго кайрылды.
4 ноября 2020Дастан Жумабеков спикерликтен кеткен соң анын ордуна дайындалган Канатбек Исаев бүгүнкү жыйын учурунда төрагалыктан кетерин айткан.
4 ноября 2020Буга чейин социалдык тармактарда президенттин милдетин аткаруучунун кийген кийими бир канча доллар турары айтылып, көп талкууга жем таштаган.
4 ноября 20204-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз калоосу менен кетерин Канат Исаев жарыялап жатып, депутаттыкка шайланып келүү системасы жөнүндө пикирин билдирди. Исаев бир мандаттуу шайлоо системасы жалаң гана байлар депутат болуп келүүгө шарт түзөт деп эсептейт.
4 ноября 2020Азырынча башка фракциялар талапкер сунуштай элек. Бул тууралуу кеңешүү үчүн парламентте 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.
4 ноября 2020Канат Исаев спикер катары иштеп жатканына бир ай дагы боло элек болчу, тагыраагы, 13-октябрда дайындалган.
4 ноября 2020Белгилей кетсек, Исаев Жогорку Кеңештин спикери болуп 13-октябрда эле тандалган. Андан бери бир ай өтө элек.
4 ноября 2020Акыркы суткада коронавирус илдетине кабылган төрт киши каза болду. Алардын үчөө Бишкектин, бирөө Баткен облусунун тургуну болушкан. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады. 4-ноябрга карата COVID-19 оорусу 495 кишиден аныкталды. Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарында катталууда.
4 ноября 20202019-жылдын ушул мезгилине (октябрь айына) салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 миллион сомго өскөн.
4 ноября 2020Кыргызстан тышкы карызынан өз ресурстары менен кутула алат. Бул тууралуу 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.
4 ноября 20203-ноябрда Ички иштер министрлиги 5-октябрдагы окуялардан кийин Бишкек шаарындагы коопсуздукту сактоого катышкан ыктырдуу элдик кошуундун үч миңге жакын мүчөсүнө сыйлык тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алар «Шериктеш», «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалдары менен жана Ички иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.
3 ноября 2020Адистин билдиргенине караганда, кыш мезгилинде жана жаздын март менен апрель айларында коронавирус оорусу кескин азайып кетпейт.
3 ноября 2020Кыргызстан буга чейин мамлекеттик карызын тейлөөгө жылына 28 миллиард сомдон ашык акча коротчу эмес. Быйыл бул көрсөткүч 35 миллиардга жетти.
3 ноября 2020Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди.
3 ноября 2020Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Азырынча ага төрт талапкер катышуу ниетин билдирди.
3 ноября 2020Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо башкаруу системасы алмаштырылгандан кийин өтөт
3 ноября 2020Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев мектептерди ачуу маселесин азырынча ар бир мектептин өз жетекчиси өз шартына ылайык карап жатканын билдирди.
3 ноября 2020Ош шаарында иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди. Суроо-жооп учурунда ал Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келиши жазылганын билдирди. Жапаров парламенттин толук партиялык система менен шайланышын туура эмес деп эсептейт.
3 ноября 2020Жапаров учурда Ош шаарынын борбордук стадионунда жергиликтүү тургундар менен жолугуп, суроолоруна жооп берип жатат.
3 ноября 2020Бир сутка ичинде жуктургандарга салыштырмалуу айыккандардын саны 147 адамга көп болгон. Бирок оору аныкталган учурлардын саны өлкөдө 60 миңден ашты.
3 ноября 2020Коронавирус инфекциясын жеңе албай калгандар Бишкек менен Баткенде дарыланып жаткан. Марттагы пандемиядан бери көз жумгандардын саны 1 159га жетти.
3 ноября 2020