Октябрь айында пландагыдан 1,4 млрд. сомго көбүрөөк салык чогулду

4 ноября 2020 Октябрь айында пландагыдан 1,4 млрд. сомго көбүрөөк салык чогулду

2019-жылдын ушул мезгилине (октябрь айына) салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 миллион сомго өскөн.

Салык боюнча план октябрда 1,4 миллиард сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Иш жүзүндө өткөн айда жалпысынан 7 миллиард 590,9 миллион сом салык жана төлөмдөр жыйналган. Муну менен белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 миллиард 440 миллион сомго көбүрөөк чогултулду.

Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине (октябрь айына) салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 миллион сомго өскөн.

Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 миллиард 646,1 миллион сом салык жана төлөмдөр жыйналды.

sputnik