Бүгүн 5-ноябрда Бишкекте "Үмүт" деп аталган кыймыл жыйын өткөрүп, өлкөдө түзүлгөн саясий абал боюнча өз пикирин билдирет. Анын өкүлү Мухаммед Агибаев кабарлагандай, бул кыймыл парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда түзүлгөн жана курамына бир нече саясий партия кирген.
Агибаев бүгүнкү жыйында бийликти мыйзам нугуна кайтууга чакырыктар айтылып, сунуштар берилерин кабарлап, шайлоодон кийинки нааразылык акциясында коюлган талаптар аткарылбай жатканын белгиледи:
“Люстрация болсун, жаңы жүздөр келсин деген ураан менен чыккан элек. Жаңы жүздөр өтө эле аз болууда. Эски карталарды эле кайра аралаштырып, дайындап жатат. Бул эч кандай жаңылануу эмес”.
Агибаевдин айтымында, “Үмүт” кыймылы парламенттик кайра шайлоо Конституцияда жазылган мөөнөттө өткөрүлбөй калганын мыйзам бузуу деп атап, эл аралык коомчулук Кыргызстанды тааныбай жатканын белгилөөдө.
Жыйындын соңунда мына ушул маселелер камтылган резолюция кабыл алынат.
4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык күчөп, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун датасы аныктала элек. Жаңы бийлик ага мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа өткөргөндөн кийин киришерин айтууда.
Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өткөн аптада өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып жаңы кадрларды даярдоодо кемчиликтер бар экенин белгилеп, алардын баары бир нече айдан кийин кайра сынак аркылуу кабыл алынарын айткан.
Жапаров 6-октябрдагы окуялардан кийин өлкө мыйзам нугуна кайра кайтканын айтып келет.