Кыргызстан тарыхта биринчи жолу карыз төлөөдө 35 млрд. сом сарпташы мүмкүн

3 ноября 2020 Кыргызстан тарыхта биринчи жолу карыз төлөөдө 35 млрд. сом сарпташы мүмкүн

Кыргызстан буга чейин мамлекеттик карызын тейлөөгө жылына 28 миллиард сомдон ашык акча коротчу эмес. Быйыл бул көрсөткүч 35 миллиардга жетти.

Келерки жылдын бюджет долбооруна караганда, Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 35 миллиард 349,9 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн.

Анын ичинен дээрлик 20 миллиарды тышкы карызга кетмекчи.

Булак: КР Финансы министрлиги

Белгилей кетсек, бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу карызды тейлөөгө ушунча ири каражат сарпталып жатат. Графикада көрүнүп тургандай, буга чейин бир да жолу мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 миллиард сомдон ашык акча кеткен эмес. Мында 2005-жылдан берки маалымат көрсөтүлгөн. Ага чейин Кыргызстан карызына кетирген акчалардын көлөмү өтө эле аз болчу.

Бишкекте ижарачылар мэрияга 380 млн. сом карыз

Баса, буга чейин дүйнөдө түзүлгөн абалга байланыштуу Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуулар болгон. Андыктан азыр кайсы бир сумманы так кесе айтууга эрте.

Өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом).

sputnik