Садыр Жапаровдун 10 жылга соттолгон эжеси тууралуу эмне белгилүү

4 ноября 2020 Садыр Жапаровдун 10 жылга соттолгон эжеси тууралуу эмне белгилүү

Садыр Жапаровдун эжеси 2015-жылы сыртынан соттолгон. Ага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айыптар тагылган.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованы экстрадициялоо тууралуу кайталап кат жөнөтүүнүн зарылдыгы жок. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Ахматов билдирди.

Анын айтымында, 2014-2015-жылдары сот процесстери болуп, Райкүл Жапарова сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

"Интерпол тараптан ал Польшанын аймагында кармалгандыгы боюнча маалымат келген. Биз экстрадициялоо боюнча кат жолдогонбуз. Бул 25-июнь күнү болгон, бирок Польша тарап жооп бере элек", — деди Ахматов.

Жетекчи "Польша кайрадан кат жөнөткүлө деп сурабагандан кийин кайталап жазуунун зарылдыгы жок" экенин кошумчалады.

Маалыматка караганда, Жапарова чет өлкөдө кармалары менен кайра бошотулган.

Жапарова Кыргызстанда 2015-жылы сыртынан соттолгон. Ага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айыптар тагылган.

sputnik