RT: АКШ Кыргызстандын бийлигине консультация берчү адис издеп жатат

5 ноября 2020 RT: АКШ Кыргызстандын бийлигине консультация берчү адис издеп жатат

Консультанттын милдети кыргыз өкмөтүнө укук коргоо ишмердүүлүгү жана сот адилеттүүлүгү тармактарындагы реформаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, уюштуруу, алдыга жылдыруу маселелери боюнча кеңеш берүү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын бийлигине реформа жүргүзүүгө кол кабыш кылуу үчүн адис издеп жатат. Бул тууралуу тиешелүү документке шилтеме берип RT жазды.

Адис АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде улук консультант кызматын аркалайт. Анын милдети — кыргыз өкмөтүнө укук коргоо ишмердүүлүгү жана сот адилеттүүлүгү тармактарындагы реформаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, уюштуруу, алдыга жылдыруу маселелери боюнча консультация берүү.

Ал иштеп жаткан учурда АКШ жана Кыргызстандын бир катар бийлик органдары менен тыгыз байланышта болору күтүлүп жатат. Кыргыз тараптан Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Юстиция министрлиги иштешет.

Мамлекеттик департамент косультант болууну каалагандарга бир катар талаптарды койгон. Мисалы, АКШнын жараны, жогорку юридикалык билими жана иш тажрыйбасы болушу керек. Мындан тышкары, буга чейин мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттерде иштеп келген болушу шарт.

Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мамлекетте реформаларды өткөрөрүн айтууда. Анын ичинде люстрация дагы каралган.

sputnik