Адистин билдиргенине караганда, кыш мезгилинде жана жаздын март менен апрель айларында коронавирус оорусу кескин азайып кетпейт.
Медицина илимдеринин доктору, вирусолог Анатолий Альтштейн коронавирус инфекциясы боюнча кырдаалдын жакшырышын божомолдогонун РИА Новости жазды.
Анын айтымында, кыш мезгилинде жана марттан апрелге чейин коронавирус оорусу кескин азайып кетпейт. Эпидемиологиялык кырдаал май жана июнь айларында гана жакшырышы мүмкүн.
"Албетте, божомол кылуу кыйынга турууда. Абалдын жакшырышы элдин эпидемияга каршы чараларды аткарышынан көз каранды. Кыш мезгили дагы оорунун жайылышына жакшы шарт түзгөндүктөн, вирус азайып кетет деп айтканга болбойт. Март менен апрель дагы анча жакшы убакыт эмес. Андан кийин, тагыраагы, май менен июнда абал оңолушу мүмкүн. Себеби вакциналар жетиштүү санда чыгып калат", — деди Альтштейн.
Коронавирустан аялдар арасында кош бойлуулар көбүрөөк каза табары айтылды
Адис жарандар санитардык нормаларды сактап, оорунун азайышына салым кошуп жатканын, бирок вирусту түп тамыры менен жок кылуу азырынча мүмкүн эместигин кошумчалаган.