Келерки дем алыш төрт күн уланат

6 ноября 2020 Келерки дем алыш төрт күн уланат

Алдыдагы дем алыш күндөрү Кыргызстанда төрт күн уланат. 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп 2017-жылы жарыяланган. Быйыл бул күндөр ишемби жана жекшембиге туш келгендиктен 9-10-ноябрь да дем алыш болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

"Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" жөнүндөгү мыйзамдын максаты - 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана трагедиялуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, Совет доорундагы өнүгүү сабактарына жана мурастарына, XX кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине обьективдүү тарыхый баа берүү экени айтылган. 

azattyk