5 ноября 2020
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган делегация иш сапар менен 5-6-ноябрь күндөрү Ташкентте болот. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий кабарлады.
Кыргыз делегациясы өзбек өкмөтүндө болот, Тышкы иштер министрлигинде, Инвестиция жана тышкы соода министрлигинде да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Кыргызстанда октябрда саясий абал курчуп, Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка келгенде аны алгач Өзбекстандын премьер-министри куттуктаган. Азырынча Өзбекстан Жапаровго куттуктоо жолдогон жалгыз гана мамлекет болуп турат.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өлкөдөгү бийлик алмашуудан кийин Орусияга жана Казакстанга иш сапар менен барып келген. Анын Ташкентке сапары тууралуу азырынча Бишкек расмий кабар тарата элек.