Министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.
29 октября 2020Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов «Кыргызстанда күч түзүмдөрүнө ишенип, сөзүнө кирип кетпеген бир да президент болгон жок» деп билдирди. 29-октябрда ал саясий билдирүү таратып, жаңы бийликке «өлкөнү кризистен чыгарып, туруктуу өнүктүрүү жолуна салуу» боюнча сунуштарын айтты.
29 октября 2020Айыл өкмөт башчысы узундугу 11 метр, туурасы 9,60 метр болгон төрт бөлмөлүү үйлөр жылытуу системалары менен кошо орнотулганын билдирди.
29 октября 2020Министрликке медициналык окуу жайлар кара тизмеге киргени боюнча маалыматты Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги кабарлаган.
29 октября 2020Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчынын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.
29 октября 2020Каргаша кечээ Чок-Тал айылында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.
29 октября 2020Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардан жардам сурап жатат. Бул тууралуу 28-октябрда «Азаттыкка» тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.
29 октября 2020Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Түп районунун Кең-Суу айылында чоңойгон.
28 октября 2020Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин пара алуу беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
28 октября 2020Сурабалдиева бийликке жаштар келсин деген талап менен элдик толкундоо болгонун эске алып сунушту четке какпаганын белгиледи.
28 октября 2020Сурабалдиеванын талапкерлигин биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштап, таржымалы менен тааныштырды.
28 октября 2020Буга чейин Садыр Жапаров анын жаңы дайындалган коомдук кеңешчиси Акылбек Жапаров жок болуп кеткендиктен, аны иштен бошоткондугун айткан.
28 октября 2020Мурда Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына "Республика — Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. Ал эми ушул жылдын 1-апрелинен тарта вице-премьер кызматын аркалап келе жаткан.
28 октября 2020Компания абоненттерди карызды бүгүн төккөнгө чакырды. Акчаны банктардан сырткары терминалдардан дагы которгонго болот.
28 октября 2020Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева кечээ, 27-октябрда, мөөнөтүнөн мурда депутаттыктан кеткен.
28 октября 2020Алмаз Мамбетов буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, үстүбүздөгү жылдын февралында иштен алынган. Ага чейин Балыкчы шаарынын мэри кызматын аркалаган.
27 октября 2020Жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жалпы режимдеги №47 абакка которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
27 октября 2020Аламүдүн райондук соту Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаевдин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө арызын канааттандырды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
27 октября 2020Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаровду иштен алганын КТРКга берген интервьюсунда билдирди.
27 октября 2020Вице-премьер Аида Исмаилова менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
27 октября 2020Калаадагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15.34тө толугу менен өчүрүлдү.
27 октября 2020Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын БШК бүгүнкү жыйында карайт. Буга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөнгө чейин VI чакырылыштын депутаттары иштеп турары маалым болгон.
27 октября 2020Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматы чындыкка дал келбейт. Бийлик криминал, коррупция менен күрөштү дагы да күчөтөт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
27 октября 2020Отставкага кетери менен Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындады.
27 октября 2020Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен катталды.
27 октября 20209 млрд. сом салык төлөгөн эмес. "Кумтөрдүн" Финполдун айыптоосуна комментарийи
27 октября 2020Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Эми ал Бишкек шаардык кеңеши кайра шайлангыча, тагыраак айтканда, 2021-жылдын апрелине чейин мэрдин милдетин аткарат.
27 октября 2020Азыркы тапта COVID-19 жуктурган 3 398 бейтап ооруканада жатат, ал эми үй шартында 3 454 адам дарыланууда.
27 октября 2020Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кочкор районуна жасаган сапарынын учурунда кийинки жылдын башында өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирди. Айтымында, ал ыйгарым укуктарын декабрда өткөрүп бермекчи. Эскерте кетсек, Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого бара албайт.
27 октября 2020Калаа башчысынын орду көптөн бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген.
27 октября 2020“Андай планым да жок. Садыр Жапаров менен жолугушканым чын, бирок биз өлкөдөгү кырдаал, кризистен чыгуу жолдору тууралуу маселелерди сүйлөшкөнбүз”, — деди Акаев.
27 октября 2020— Мен Улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөнүм менен мугалим болуп иштеген жокмун. "Эркин Тоо" гезитинде корректор болуп иштеп, кийин балдарга тарбия берүү, окутуп эле үйдө отуруп калгам. Атасы "Дордойдо" соода кылат. Нурболот улуу балабыз. Мындан кийин тогуз жана беш жаштагы балдарыбыз бар.
27 октября 2020Эске салсак, памирлик кыргыздар 2017-жылы октябрь айында Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймактарынан билим алуу максатында алып келинген.
27 октября 2020Алай районунда 52 жаштагы энесинин өлүмүнө шектелип кармалган 17 жаштагы окуучу кыз кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
26 октября 2020