Садыр Жапаров кеңешчиси Акылбек Жапаровду кызматтан алып, себебин түшүндүрдү

27 октября 2020 Садыр Жапаров кеңешчиси Акылбек Жапаровду кызматтан алып, себебин түшүндүрдү

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаровду иштен алганын КТРКга берген интервьюсунда билдирди.

Видео

Анын айтымында, Жапаров үч күндөн бери жумушка келе элек.

“Акылбек Жапаровду үч күндөн бери издеп таппай жатам. Жумушка келе элек. Бүгүндөн баштап ал менин кеңешчим болбойт”, — деди Жапаров.

Премьер-министр парламенттик шайлоо алдындагы дебаттарда Акылбек Жапаров уят сөздөрдү колдонуп сүйлөгөнү үчүн аны жактырбай калганын кыйытты.

“Жакында эле теледебаттарды көрдүм. Анда Акылбек Жапаров адепсиз сүйлөгөнүн өз кулагым менен уктум. Темирлан Султанбеков менен акыйнек айтышканы үчүн кызматтан алам. Жаш бала менен айтышканын туура көрбөдүм”, — деди Жапаров.

Буга чейин Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салган видеосу чыккан.

sputnik