Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткара баштады

27 октября 2020 Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткара баштады

Калаа башчысынын орду көптөн бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген.

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жаңы башчыны жамаатка өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тааныштырды.

Буга чейин ал өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетип, президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келгенин өзү кабарлаган.

Түлөбаев Бишкек шаардык кеңеши кайра шайлангыча, тагыраак айтканда, 2021-жылдын апрелине чейин мэрдин милдетин аткарат.

Калаа башчысынын орду көптөн бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда кайра мэриянын алдында митинг өткөргөн.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев буга чейин Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болуп иштеп кеткен.



sputnik