28 октября 2020
Буга чейин Садыр Жапаров анын жаңы дайындалган коомдук кеңешчиси Акылбек Жапаров жок болуп кеткендиктен, аны иштен бошоткондугун айткан.
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун иштен бошотулган коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров аны издешкен үч күнү ооруп калгандыгын айтты.
"Мен ооруп калдым эле. Кемчилигим, Садыр Жапаровго кабарлап койбогондугум болду", — деди ал бүгүн.
Буга чейин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров анын жаңы дайындалган коомдук кеңешчиси жок болуп кеткендиктен, аны бошоткондугун айткан эле.