Жанар Акаев Бишкек мэри болот деген маалыматты өзү төгүндөдү

27 октября 2020 Жанар Акаев Бишкек мэри болот деген маалыматты өзү төгүндөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкек мэри болот деген маалымат чындыкка төп келбей турганын айтты.

Буга чейин бир катар ЖМКларда ал шаар жетекчилигине талапкерлигин коюп жаткандыгы тууралуу маалымат  тараган.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Бишкек мэрлиги тууралуу эч ким менен эч качан сүйлөшүү болбогонун жазды.

“Андай планым да жок. Садыр Жапаров менен жолугушканым чын, бирок биз өлкөдөгү кырдаал, кризистен чыгуу жолдору тууралуу маселелерди сүйлөшкөнбүз”, — деди Акаев.

Эске салсак, Бишкек мэри Азиз Суракматов иштен кеткенден бери Бишкек мэрлиги талашка түшүп келет. Бүгүн мэрия мэрдин милдетин аткаруучу катары мыйзамдуу түрдө биринчи вице-мэр Нариман Түлеевди гана тааный турганын айтты.

sputnik