ЖАМК Атамбаевди №47 колонияга котормой болду

27 октября 2020 ЖАМК Атамбаевди №47 колонияга котормой болду

Жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жалпы режимдеги №47 абакка которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан №1 СИЗОго которулган. Буга байланыштуу Атамбаев ачкачылык жарыялаган.

"Бүгүн которушат деген үмүтүм бар. Чечим бар, бирок качан которушарын так айта албайм. Балким, бүгүн болуп калат", — деди адвокат.

ЖАМКтын маалымат кызматы Атамбаев №47 абакка качан которуларын айта элек. Алмазбек Атамбаев жарыялаган ачкачылыгын токтоткон-токтотпогону да белгисиз.

sputnik