28 октября 2020
Сурабалдиеванын талапкерлигин биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштап, таржымалы менен тааныштырды.
Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалидеваны вице-премьерлик кызматка бекитти.
Анын талапкерлигин парламентке биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштап, таржымалын тааныштырды.
Андан соң эл өкүлдөрү талапкерге бир да суроо бербей, бир добуштан колдоп берди.
Эльвира Сурабалдиева 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми быйылкы шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен катышкан.