Компания абоненттерди карызды бүгүн төккөнгө чакырды. Акчаны банктардан сырткары терминалдардан дагы которгонго болот.
Эртең, 29-октябрдан тарта, Бишкекте карызы бар 10 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Ишкана "Акылдуу эсептегич" орнотулган үйлөрдүн жарыгын аралыктан туруп эле өчүрөт. Ошол себептен карызды бүгүн төлөөгө чакырышты.
Мекемеден билдиришкендей, карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк", ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банктын" терминалдарынан жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөөгө болот.
Аталган компания Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын электр энергиясы менен камсыздайт.