Каргаша кечээ Чок-Тал айылында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.
Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынын айынан аял кызы менен көз жумуп, дагы эки баласы ооруканага жеткирилди. Маалыматты облустук милиция тастыктады.
Ага ылайык, каргаша 28-октябрь күнү Чок-Тал айылында, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 54-чакырымында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.
Жол кырсыгынын айынан өзү жана анын 11 жаштагы кызы каза тапкан. Ал эми машинадагы 7 жана 5 жаштагы кыздар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.
Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук журналына каттоого алынып, тиешелүү кароолор жүрүп жатат.
Маалым болгондой, жол кырсыгында Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын жубайы менен кызы көз жумду. Аялы балдары менен Балыкчыдан Караколго бара жаткан.