Кызматтан кеткен Дүйшөбаев бүгүн-эртең Камчы Көлбаевдин бошотуларын болжоду

27 октября 2020 Кызматтан кеткен Дүйшөбаев бүгүн-эртең Камчы Көлбаевдин бошотуларын болжоду

Отставкага кетери менен Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындады.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди бүгүн же эртең абактан бошотушу ыктымал. Бул туурасында бүгүн эртең менен Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан алынган Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Отставкага кетери менен Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындады. Дүйшөбаевдин ордуна Рыскелди Мусаев дайындалды.

"Бир кримтөбөлдү кармоо үчүн чоң шоу уюштурушту. Бизге жеткен ыкчам маалыматтар боюнча, бүгүн же эртең сот бошотот. Болбосо аны камаш керек болчу. Эгер бошотпой койсо, криминал өлкөнүн жаңы жетекчилерине доомат коёт. Бирок күтө туруу керек, бул ыкчам маалымат. Ал такталган, ошол эле маалда такталбаган болуп калышы мүмкүн", — деди Дүйшөбаев.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатып 15-октябрда Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындаган.

Камчы Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.



sputnik