70 млн. сомдук зыянга учураткан. Финпол мэриянын экс-кызматкерин кармады

6 ноября 2020 70 млн. сомдук зыянга учураткан. Финпол мэриянын экс-кызматкерин кармады

Финпол Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын О.С. аттуу мурдагы жетекчисин кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мэриянын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалын пайдалануу менен 70 миллион сомдук пайдасыз келишимдерди түзүшкөн.

"Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилик кызматтагы адамдары мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы иш алып барышкан. Алар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамды бузуп, бала бакча курууда 70 миллион сомго жакын пайдасыз келишимдерди түзүшкөн", — дешти Финполдон.

Бүгүн түштөн кийин Биринчи май райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карайт.

sputnik