Өкмөт үйүнүн алдында төртүнчү митинг өтүп жатат. Талаптары

11 ноября 2020 Өкмөт үйүнүн алдында төртүнчү митинг өтүп жатат. Талаптары

Акцияга чыккандар жер алууга акча берип, бирок ээлик кыла албай 11 жылдан бери убаракерчилик тартып жүрүшкөнүн айтат.

Өкмөттүн үйүнө бүгүн дагы жер тилке маселеси боюнча 50 чамалуу жаран митинг өткөрүүдө.

Алар жер алууга акча берип, бирок ээлик кыла албай 11 жылдан бери убаракерчилик тартып жүрүшкөнүн айтат. Аламүдүн районунда 1000ге чукул адам жеринин документин бүтүрө албай жатканы белгиленди.

"Аламүдүн айыл өкмөтү бизден 11 жылдын ичинде алды 10 миң, арты эки миң долларга чейин акча алып, жер тилкеге токтом чыгарып берген. Бирок документин толук бүтүрбөй ана-мына чечилет деп созуктурууда. Кийин акимчиликке барганбыз, анда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Мирбек Мияров жана бир орун басары келип, "11-ноябрга чейин чечип беребиз" дешкен. Бирок жыйынтык жок болгонуна байланыштуу бул жерге митингге чыгып жатабыз", — деп айтып беришти акциянын катышуучулары.

Ошондой эле алар алган жерине үй сала албай, ар жерде батирлеп жашап жүрүшкөнүн белгилешти.

Ушун менен өкмөт үйүнүн алдында катары менен төртүнчү акция өтүп жатат.

Имараттын чыгыш тарабында "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери митинг кылууда. Алар нааразычылык акциясын октябрдын аягында эле башташкан. Чогулгандар компаниянын азыркы жетекчиси Улан Астаркуловдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, ордуна мурдагы жетекчи Доскул Бекмурзаевдин келишин талап кылышууда.

Өкмөт үйүнүн түндүк тарабына "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Алимбековдун жумуштан кетишин талап кылгандар чогулган.

Ал эми батыш бөлүгүндө "Караван" соода борборунун соодагерлери митинг өткөрүүдө.

sputnik