74 орун бош. Коронавирусту дарылаган ооруканалардагы акыркы абал

6 ноября 2020 74 орун бош. Коронавирусту дарылаган ооруканалардагы акыркы абал

Акыркы маалыматтар боюнча, Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун калган эмес. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дагы эки гана орун бар.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

6-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ордо калаадагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан жабыркагандарды дарылоо үчүн 74 бош орун бар.

Кыргызстанда коронавирустан 84 медик көз жумган

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 3;

Улуттук фтизиатрия борбору — 0;

Улуттук хирургия борбору — 1;

Улуттук госпиталь — 4;

Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;

№1 шаардык клиникалык оорукана — 4;

Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;

Темир жол ооруканасы — 3;

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 23;

Улуттук онкология жана гематология борбору — 8;

№2 клиникалык төрөт үйү — 13.

sputnik