Бишкекте үч киши коронавирустан көз жумду

6 ноября 2020 Бишкекте үч киши коронавирустан көз жумду

Бийлик коронавирустун экинчи толкуну 10-15 күндө жогорку чегине жетерин божомолдоп, жарандардан санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоону өтүнүп жатат.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган үч бейтап каза тапканын Республикалык штаб кабарлады.

Оорулуулардын бардыгы тең борбор калаа Бишкекте дарыланып жаткан.

Жалпысынан марттагы пандемиядан бери 1 170 киши ооруну жеңе алган жок.

sputnik