Өлүм тыйылбай койду. Кыргызстанда коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды

10 ноября 2020 Өлүм тыйылбай койду. Кыргызстанда коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды

Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча үч адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталууда.

"Бишкек шаарынан эки, Ош облусунан бир бейтап оору менен алышып жатып каза болду", – деп айтылат маалыматта.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1185 адам коронавирусту жеңе албай өмүр менен кош айтышты.

sputnik