Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү

11 ноября 2020 Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү

Финпол мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатканын белгиледи.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өлкө казынасына тиешелүү төлөмдү төкпөй качып жүргөн "А.К." ЖЧКсынан 281 миллион сом өндүрдү. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган орган экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле бул багытта иш-чаралар мындан ары улана берерин кошумчалады.

sputnik