Президенттикке талапкерлигин койгондор 15ке жетти. Арасында бир студент бар

12 ноября 2020 Президенттикке талапкерлигин койгондор 15ке жетти. Арасында бир студент бар

Кыргызстандын президенти болуу үчүн талапкерлигин көрсөткөн адамдардын саны 15ке жетти. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Кечээ дагы үч жарандан БШКга арыз келип түшкөн. Алар төмөнкүлөр:

Кубанычбек Кадыров — 50 жашта, "Чындык" саясий партиясынын лидери;

Азамат Эсенбеков — 36 жашта, "Алфа-Телеком" компаниясынын кызматкери;

Аймен Касенов — 46 жашта, Чехиянын Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинин студенти.

Кыргызстандын мамлекет башчысын шайлоо күнү 2021-жылдын 10-январына дайындалган.

sputnik