Бир дагы жер сатылбайт! Садыр Жапаров тышкы карыздан кутулуунун бир жолун айтты

12 ноября 2020 Бир дагы жер сатылбайт! Садыр Жапаров тышкы карыздан кутулуунун бир жолун айтты

Жыйында журналисттердин бири "тышкы карыздан кутулуу үчүн Нарындагы Жетим-Тоону берет деген кептер чыгып жатат. Сиз президент болуп келип калсаңыз, сырттан келген инвесторлорго ал жерди иштетүүгө бересизби?" деген суроо узаткан.

Нарындагы Жетим-Тоону Кытайга карыздын ордуна берет деген ушак кеп. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров ЖМКларга маалымат жыйын өткөрүп жатып билдирди.

Жыйында журналисттердин бири "тышкы карыздан кутулуу үчүн Нарындагы Жетим-Тоону берет деген кептер чыгып жатат. Сиз президент болуп келип калсаңыз, сырттан келген инвесторлорго ал жерди иштетүүгө бересизби?" деген суроо узаткан.

"Тышкы карыз үчүн Нарындагы Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир куму да берилбейт. Аны өзүбүз иштетебиз. Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун иштеп жатабыз. Жетим-Тоону Кытайга берет деген бул ушак кеп. Кумтөрдүн катасын кайталабай, тарыхтан сабак алышыбыз керек", — деди Жапаров.

Премьер-министр жыйында тышкы карыздан кутулуунун бир жолун айтып берди.

"Кыргызстанда азыр эч нерсе жашыруун эмес. Жетим-Тоо боюнча сөз болгон. Бирок анын сырьесун иштетүү тууралуу айтылган. Жетим-Тоодо азыр беш миллиард тоннадан ашык темирдин запасы бар. Бул 50 миллиард тоннанын тегерегиндеги сырьеонун запасы. Ошол сырьёону гана берип карыздан кутулсакпы деген сөз уланып жатат. Аны казып алууда бир дагы чет өлкөлүк мамлекет катышпайт. Өзүбүз иштетип, ал жерде КР жарандары иштегидей кылабыз. Мисалы, Кара-Кече көмүр кени жөн эле тоо, ал жактан көмүр казып анан элге, ТЭЦке сатып жатышат. Биз деле Жетим-Тоодон темирди ошол сыяктуу кылып алсак болот. Башкача айтканда, ал жактан жөн гана сырьесун казып алып, сатсак, бир жылда бир миллиард сомдон ашык карыздан кутула алат экенбиз. Жеке эле Кытайдын карызынан эмес, башка карыздан деле кутулсак болот. Бул эми карызды төлөөнүн бир жолу. Башка дагы варианттар бар", — деди Жапаров.

Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүп жатат.

sputnik